УКМК Таласта мыйзамсыз иштеген диний окуу жайын аныктады

Аймак 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Талас облусунда "Маданият борбору" кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынып алып, «медресе» диний окуу жайын мыйзамсыз иштетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдарга жана агымдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Талас облусунун Талас районундагы А.Огомбаев айылында "Маданият Борбору" кайрымдуулук мекемесинин филиалына жамынган, «медресе» диний окуу жайынын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.

Тактап айтканда, жогоруда аталган медресе тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өтпөстөн, диний окуу жайларга карата белгиленген нормаларды жана талаптарды бузуу менен иштеп келген. Аталган медреседе КР "Билим берүү жөнүндө" мыйзамын бузуу менен 12 жаштан 15 жашка чейинки балдар билим алышкан.

Ошондой эле КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат базасында "Маданият Борбору" мекемеси диний окууларды жүргүзүү укугуна ээ болгон тизмеге кирген эмес.

Текшерүү иш-чараларынын натыйжасында аталган мекеменин ишмердүүлүгү токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий