• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

УКМК телефон аткезчилигинин коррупциялык схемасын ачыктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети телефон аткезчилигинин коррупциялык схемасын ачыктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 100 млн сомдон ашун зыян келтирилген.

Белгиленгендей, мобилдик телефондорду айрым импорттоочулар Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты түзүп, дүйнөлүк бренддердеги кымбат баалуу уюлдук телефондорду Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен алып келишкен.

Ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарына мыйзамсыз катташкан.

Аны менен катар Чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө жеке импортчуларга уюлдук аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө жана аларды каттоо үчүн жардам берип, чек араны кесип өткөн жарандардын паспорттук маалыматтарын берип турушкан.

Буга байланыштуу атайын кызмат тарабынан 2024-жылдын 3-декабрында Бишкек шаарындагы "Айчүрөк" жана "Beren Gold" соода борборлорунда, ошондой эле катталбаган мобилдик түзүлүштөрдү алуу максатында Ош шаарындагы “Уюлдук телефондор” дүкөндөрүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

УКМК өлкөнүн бардык мамлекеттик түзүмдөрүндө коррупциянын элементтерин өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды көрүүнү улантууда.

Пикир

Оставить комментарий