• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө "Натур Энержи" ЖЧКсынын директору А.у.А. К.Асанбектин жакын адамы - Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды.

Алсак, аталган компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык болуп, алардын жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт. Ал эми Талас облусунун жалпы аянты 1 млн 140 миң гектарды түзсө, облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлери ээлейт.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган аңчылык чарбалар КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди жана биоресурстар 4 млн 465 миң 550 сомго бааланды.

Пикир

Оставить комментарий