УКМК: УКТнын активдүү мүчөсүн "положенец" статусуна дайындоо аракети токтотулду

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү делген адамды "положенец" статусуна дайындоо аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана алардын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун айрым мүчөлөрү А.у.Б.ны Талас облусу боюнча "положенец" кылып дайындоо ниетине бөгөт койду.

Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Талас облусу боюнча ИИБ менен биргеликте УКМК тарабынан аталган А.у.Б.ны алып келүү ишке ашырылды.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында А.у.Б. уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болуудан ,криминалдык дүйнөнүн идеологияларынан толугу менен баш тартты жана мындан ары КР мыйзамдарын бузбоого милдеттенди.

Пикир

Оставить комментарий