• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Жалал-Абад ОИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата иш тергелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата иш тергелүүдө. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Кыйноолор") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жалал-Абад облустук ИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине карата материалдар иликтенүүдө.

Жалал-Абад облустук ИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан КР жараны “А.Н.” карата кыйноолорду колдонуу фактысы аныкталды.

2021-жылдын 12-ноябрында Жалал-Абад облустук ИИБ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы “М.Ж.”, ыкчам кызматкери “М.Б.”, КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерлери “К.М.” жана “З.А.” КР Жазык кодексинин 143-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту жана 320-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасагандыгы жөнүндө шектенүү билдирилди.

Жыйынтыгында аталган адамдарга карата КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25-мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий