• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Жарандардан системалуу түрдө акча алып турган Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды жана алардын жарандык абалынын актыларын каттоо үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Ноокен райондук Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баюу жана акча алуу максатында тез арада каттоого алуу жана тиешелүү документтерди берүүдө жасалма тоскоолдуктар түзүлгөндүгү аныкталды.

2024-жылдын 21-февралында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен райондук калкты каттоо департаментинин А.М.Ж. жана Х.З.Ш. аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий