• 87
  • 90.41
  • 0.84

УКМК: Жасалма паспорт алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. КР жаранынын жасалма паспортун алууга аракет кылган Өзбекстандын жараны “Х.А.Х.” кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК органдары тарабынан ЭТУга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал “И.М.”» ЭТУнун эмиссарларынын жардамы менен КР жаранынын жасалма паспортун алып, САРдын согуштук зонасы чыгууга аракет кылган.

Аталган Өзбекстандын жараны ЭТУ/ДЭУга тиешеси бар экендиги үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөнү аныкталды. Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий