• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

УКМКнын ар бир кызматкери үй менен камсыз болот – Ташиев

Коом 0


Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. 2025-жылы күзгө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бардык кызматкерлери үй менен камсыз болот. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарынын ачылышында билдирди.

"Биздин өлкөнүн бардык аймактарында ушундай бөлүмдөр ачылды. Сиздер кайсы жерге барып кызмат кылбаңыздар тийиштүү шарттар түзүлдү. Материалдык-техникалык базабыз чыңдалып, айлык көтөрүлдү. Көпчүлүгүңөр мамлекет тарабынан үй менен камсыз болдуңуздар. 2025-жылы күзгө чейин УКМКда иштеген ар бир кызматкер үй менен камсыз болот. Эч ким үйсүз калбайт", - деди ал.

Ошондой эле Ташиев кызматкерлерди таза, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп иштөөгө чакырды.

"Араңарда 2-3 кызматкер бар. Мындан 1 жыл мурда 6-башкармалыкта иштеген учурда кылган кылмыштарыңар боюнча мен тапшырма берип, тергетип жатам. Жакында чыгат. Мен башында силерге түзүлгөн шарттар боюнча жөн айткан жокмун. Эгер мыйзам бузсаңар жоопка тартыласыңар, камаласыңар. Силерди жопко тартканда дайыма менин жүрөгүм ооруйт. Бирок ошого карабай жоопко тартышым керек, ошол үчүн жетекчимин. Кыйналып жатсаңар жетекчиликке кайрылгыла. Менин эшигим ар бириңер үчүн ачык. Каалаган күнү кире бергиле. Мен маселеңерди чечкенге жардам берем. Болгону мыйзам бузбагыла", - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий