• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

УКМКнын атынан чет элдик жарандан ири сумма опузалаган алдамчы кармалды

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атынан опузалап акча талап кылган алдамчы кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча жабырлануучудан (Кытай жаранынан) 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Т.Т.К. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран УКМК кызматкерлеринин атын жамынып, УКМК тарабынан каралып жаткан кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган.

Белгилей кетсек, буга чейин да Т.Т.К. аталган маселени чечүү үчүн Кытай жаранынан 18 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

2024-жылдын 10-июлунда Кыргызстандын жараны Т.Т.К. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2 күнгө Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул алдамчылыкка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ошондой эле УКМК бардык тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча мыйзамдык процессуалдык чечимдер кабыл алынып, конкреттүү иштин тергөө жүрүшүнө таасир этүү аракеттерине мыйзам чегинде максималдуу түрдө бөгөт коюларын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий