• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

УКМКнын кызматкери Шымкентте өткөн ок атуу боюнча мелдеште байгелүү орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери ок атуу боюнча мелдеште 3-орунду ээледи.

Ведомстводон билдиришкендей, 22-февралдан 29-февралга чейин Казакстандын Шымкент шаарында ок атуу боюнча «Алтын Мерген» эл аралык Гран-при мелдеши болуп өттү.

Аталган мелдешке алты өлкөдөн: Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 230 аткыч катышты.

“Алтын мерген” атуу мелдештин жыйынтыгында 3-орунга КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкери ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий