• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМКнын кызматкерлери Индияда өткөн антитеррордук машыгууга катышты

Коом 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. КР УКМКнын кызматкерлери КМШга мүчө мамлекеттердин компетенттүү органдарынын биргелешкен “Манесар-Антитеррор-2022” антитеррордук машыгуусуна катышты.

УКМКдан билдиришкендей, машыгуу Индиянын Манесар шаарында өттү. Биргелешкен антитеррордук машыгуу бир нече этап менен өткөрүлдү. Биргелешкен антитеррордук машыгуунун финалдык этабы Индиянын Улуттук коопсуздук гвардиясынын окуу борборунда өттү.

Машыгуу учурунда компетенттүү органдардын ортосунда маалымат алмашуунун онлайн механизмдери, атайын антитеррордук бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин практикалык чеберчилиги текшерилди. Антитеррордук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашуу болуп, бул жаатта кызматташууну мындан ары жакшыртуу боюнча демилгелер талкууланды.

Машыгуулар пайда болуп жаткан террордук чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында биргелешкен жооп кайтаруу үчүн мындан ары шарттарды түзүп, компетенттүү органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий