УКМКнын төрагасынын жана башкы прокурордун атын жамынып, акча талап кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жана башкы прокурордун атын жамынып опузалап акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК кызматкерлеринин ыкчам аркеттеринин жүрүшүндө жогорудагы кызмат адамдары менен байланышым бар деген шылтоо менен А.Г.Э. аттуу жарандан күйөөсүнө карата соттун оң чечими үчүн 8 миң АКШ доллар акча каражатын талап калган адамдар кармалды.

Мындан сырткары, мурда алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон Т.Т. тарабынан аталган жабырлануучу А.Г.Э.ге моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары катталып, К.И.А. УКМК төрагасынын жээни экенин, ошондой эле мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин "өкүл баласы" жана жаңы дайындалган башкы прокурор Максат Асаналиевдин тууганы экендигин айтып, буга байланыштуу ал сотторго таасир этип, жабырлануучунун күйөөсүн бошотушу мүмкүн экендигине ынандыруу үчүн колдон келген аракетин жасаган.

Ошентип 27-июлда акчалай сый акынын бир бөлүгүн алгандан кийин жогорудагылар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий