• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКМКнын Өзгөн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн кызматтык үйлөр курулду

Аймак 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Өзгөн райондук бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн курулган кызматтык турак-жайды пайдаланууга тапшырды.

УКМКдан билдиришкендей, бул турак жай 4 үй-бүлөгө ылайыкташкан жана жашоо үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн.

Үй тапшыруу аземине УКМКнын ардагердери, жергиликтүү башкармалыгынын өздүк курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Камчыбек Ташиев кийинки жылы президент Садыр Жапаровдун талаптарына ылайык, УКМКнын бардык кызматкерлерине үйлөр берилет жана бир дагыУКМК кызматкери үйсүз калбайт.

"Бирок, ошол эле учурда атайын кызматка коюлган талаптар да күчөтүлөт. Өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биринчи кезекте мыйзамдуулук жана мамлекетке берилгендик менен кызмат кылышыбыз зарыл. Элибиз тынчтыкта жана коопсуздукта жашоосу керек" ,- деп белгиледи ал.

Ардагерлер тарабынан Камчыбек Ташиевге өлкө башчысы тарабынан ыйгарылган генерал-полковник жогорку аскердик чини менен куттуктоо ирээтинде белек берилди.

Пикир

Оставить комментарий