• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Укмуштуудай пайыздарды убадалашат". ИИМ каржы пирамидасынын тобокелдиктери жөнүндө эскертет

Коом 0

Бишкек, 01.08.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жогорку тобокелчиликтеги жарандарга жаңы каржы пирамидалардын курмандыгы болуу коркунучу бар экенин эскертип, жеңил жана тез киреше алып келүүчү ар кандай шектүү операцияларга катышпоону сунуштайт.

Адамдарды социалдык тармактар аркылуу жарнамаланган көп күч-аракет жумшабастан, жогору пайда таба турган каржы пирамидалары жөнүндө жарыялар кызыктырат. Анын ичинде салымчылар барган сайын көбүрөөк катышуучуларды, атүгүл алардын туугандарын жана досторун тартат.

Алдамчылык долбоорлордун негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

- жогорку кирешени убадалаган жарнама;

-тармактык маркетинг принциптеринде бизнести уюштуруу менен катышуучунун кирешеси жаңы катышуучулардын салымынан эсебинен түзүлсө;

- акча каражаттарын тартуу боюнча ишмердикти ишке ашыруу үчүн лицензиянын жоктугу.

Пирамида схемалары өздөрүнүн алдамчылык схемаларын ар кандай жолдор менен жаап-жашырышат жана мындай шектүү уюмдардын максаты – жогору пайда көрүү убадаларына ишенген жарандардын акчасын тартуу болуп саналат. Алар ар кандай артыкчылыктарды, ар бир жаңы мүчө үчүн бонустарды сунушташат, укмуштуудай пайыздарды убада кылышат.

Каржы пирамиданын схемалары мурда эле пайда болгон, бирок алардын уюштуруучулары дагы эле акча алуунун жаңы ыкмаларына өтүп, ишенчээк кардарларды торуна илишүүдө.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши тергелген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 100 материал сотко жөнөтүлүп, калгандары боюнча иликтөө иштери уланууда. Жабыркагандардын саны 248 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий