УКТ мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун маркум мүчөсү Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаран кармалды.

Тактап айтканда, А.Г.М. аттуу жаран А.А.М. аттуу жарандын ишенимине кирип, "ДСШ" маркасындагы көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасы 1,6 сомдон) сатууга убада берип, андан соң алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен жана ар кандай шылтоолор менен мурда алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын комплексинин жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96 жана 97-беренелеринин тартибинде ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча КР жараны А.Г.М кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Белгилей кетсек, жогорудагы А.Г.М.нын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаганлар болсо УКМКга 0312 660475, 0312 626504, 0322 70009, 0997 464603 (WhatsApp) телефондору аркылуу кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий