• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

УКТны каржылоо иши боюнча ишкер Жалил Атамбаев менен мурдагы депутат кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого шектелип ишкер Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында КР жарандары – 1965-жылы туулган А.Ж.С. (КР ИИМ мурдагы кызматкери, ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган, анын ичинде Ош шаарынын эл аралык аэропортунун транспорт бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген) жана 1969-жылы туулган А.С.А. (КР Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты, Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы) боюнча маалымат алынган.

Тактап айтканда, А.Ж.С. КР укук коргоо органдарынын кызматкери жана жогорку кызматтарды ээлеп турган учурда мыйзамсыз жолдор менен олуттуу финансылык каражаттарды ээлеп алгандыгы аныкталды. Органдардан бошотулгандан кийин бизнес менен алектенип, анда ишмердүүлүгүнүн негизги багыты көп кабаттуу үйлөрдү куруу болуп саналган. Деген менен ишкердик ишти жүргүзүүгө алгачкы капитал мыйзамсыз алынып, муну мамлекеттик кызматта турган мезгилде мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу далилдеп турат.

Ошол эле учурда А.Ж.С. өзүнүн бизнес империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери, 2024-жылдын 1-августунда КР УКМК тарабынан издөө жарыяланган Абдувалиев Салим Кыргызбаевич (“Салимбай Байбатча”) менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде С.Абдувалиев А.Ж.С.га колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган.

Мындан тышкары, кылмыш ишинин дагы бир фигуранты А.С.А., С.Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана анын "мыйзамдагы ууру" К. Асанбек менен тыгыз байланышы бар экендигин билип туруп, Өзбекстанда жүргөн мезгилинде Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери С.Абдувалиевге ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, А.С.А. Өзбекстандын аймагында ишке ашып жаткан ишмердүүлүгүнө колдоо алып турган.

Учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий