• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

УКТнын активдүү мүчөсү Кыргызстандан чыгып бараткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда УКМКнын "Ак-Жол унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайында Дженго каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон, 1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде А.У.Ж. укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн.

Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарындагы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Ошол эле учурда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы А.У.Ж. жана уюшкан кылмыштуу топтордун башка мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштын мүмкүн болгон фактылары тууралуу: 0995 01-22-10 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий