Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Улан Асанов ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Асанов Улан Касенович - милициянын полковниги. 1974-жылы 13-мартта туулган. 2003-жылы генерал-милициянын майору Э.Алиев атындагы КР ИИМнин Академиясын аяктаган.
1992-1993 жж КР Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Ички иштер органдарында 1994-жылдан бери кызмат кылып келет.
Пикир
Оставить комментарий