• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Монголиянын Улан-Баатыр шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы, Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган салтанаттуу кече жана сүрөт көргөзмөсү өттү.

ТИМден билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын Монголиядагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Салтанаттуу иш-чарага Монголия парламентинин депутаттары, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү, коомдук, маданият жана илим ишмерлери, эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк элчиликтердин менен өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, ошондой эле Монголияда жашаган кыргыз жарандары катышты.

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев иш-чараны ачып жатып, белгиленип жаткан окуялардын кыргыз эли үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын улуттук өзгөчөлүгүн жана эгемендүүлүгүн калыптандыруудагы алардын баштапкы ролун баса белгиледи. Ошондой эле элчи Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы боюнча маалымат берди.

Кыргызстандын акыркы жылдардагы экономикалык чөйрөдөгү жетишкендиктери тууралуу маалымат берип, өлкөнүн инвестициялык климаты жана экономиканын түрдүү тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Иш-чаранын катышуучулары сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, Кыргызстан тууралуу видеороликтерди көрүштү.

Пикир

Оставить комментарий