Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Кант шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий