• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Улан Ниязбеков Катардын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 30.07.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Марри менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

ИИМден билдиришкендей, жолугушууда Улан Ниязбеков бүгүнкү күндө эки мамлекет ортосунда соода, коопсуздук, энергетика, саламаттык сактоо, инвестициялар жана туризм сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө кызматташтык активдүү өнүгүүдө экендигин белгиледи.

ИИМдин жетекчиси кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү максатында, ошону менен бирге Ички иштер министрлиги Катардын Ички иштер министрлигинин ортосундагы жылуу жана достук мамиледе болуп келе жаткан кызматташууну мындан ары дагы өркүндөтүп өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Али Жабир Мухаммад Аль-Куран Аль-Масри Катардын Кыргызстандагы элчилиги эки тараптуу мамилелердин мындан аркы жемиштүү өнүгүшүнө даяр экендигин баса белгиледи.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий