• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Улан Ниязбеков: Мамлекеттин түптөлүшүндө жана өсүп-өнүгүүсүндө ички тартипти камсыз кылуу чоӊ мааниге ээ

Маек 0

Алдыда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы салтанаттуу белгиленгени турат. Эл көп чогулган масштабдуу иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздук өзгөчө мааниге ээ. Буга байланыштуу "Кабар" маалымат агенттиги ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, коопсуздукту камсыздоо үчүн көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматын укту.

— Саламатсызбы, Улан Омоканович! Эгемендүүлүк күнүнө карата ички иштер органдары коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча кандай чараларды көрүүдө?

— Өлкөдөгү коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу ар дайым мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү болуп келген жана боло берет. Өз ишинде милиция жогорку деңгээлдеги тартипти, кылмыштуулукка жана жаңы коркунучтарга каршы турууга даярдыгын көрсөтүп, муктаж болгон ар бир адамга дароо жардамга келүүгө тийиш. Алдыда өлкө аймагында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар салтанаттуу түрдө белгиленгени турат. Андыктан, масштабдуу маданий, спорттук жана башка иш-чаралар өткөрүлөт. Бул иш-чараларда жарандарыбыздын, келген коноктордун коопсуздугун камсыздоо милиция кызматкерлеринин башкы тапшырмаларынын бири. Аны кынтыксыз аткаруубуз керек.

31-август күнү республиканын аймагында 15 миңден ашык милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшөт. Биз аларга нускамаларды өтүп, жарандар менен сылык мамиледе болууга, кызматтык милдеттерин кынтыксыз, так аткарууга тапшырма бердик. Андан сырткары, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча ыкчам чараларды көрүшөт. Коопсуздукту камсыздоо максатында айрым жолдорго чектөөлөр киргизилет. Жарандарыбыз биздин аткарып жаткан иштерибизди туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдомун.

— Ага утурлай, 2-сентябрда жалпы билим берүү мекемелерибиз балдарыбызга эшигин ачканы турат. Окуучуларыбыздын коопсуздугуна кандай көңүл бурулат?

— Келечегибиз болгон балдарыбыздын коопсуздугу ар дайым көңүл чордонунда болуусу абзел. Билим күнүнө арналган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырмалар берилген. Республиканын окуу жайларында ички иштер министрлигинин 4 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышат. Сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого олуттуу көңүл бурулуп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган тескөөчүлөр иш алып барышат.

— Окуу жылы башталганда окуучулардын катышуусунда жол кырсыктары катталган учурлар жок эмес. Бул жаатта кандай иштер аткарылат?

— Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир топ иштер аткарылып келүүдө. Бул жаатта иш алып барган ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жана анын аймактык бөлүктөрүнө окуучулардын жолдогу кооопсуздугун камсыздоо, алардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча,окуучулардын өздөрү менен, ошондой эле ата-эне, мугалимдер менен түшүндүрүү, үгүт-насаат иштерин кеңири жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

— Айдоочуларга кандай кеңештерди берет элеңиз?

— Айдоочуларга мектептердин жанынан унаа айдаганда өтө этият болууну эскертип кетет элем. "Сактыкта кордук жок" дегендей, айдоочулар, ата-энелер балдарга кайдыгер карабай, жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүп, унаа башкаргандар эрежени так сактаса, кырсыктардын алдын алууга болот. Улууларга урмат көрсөтүүнү талап кылуудан мурда, биз кичүүлөрдү ызаттасак туура жолго түшмөкпүз. Ата-энелер дагы балдарды жол тилкелеринен өткөрүүдө, унаага отургузуу жана түшүрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуусу маанилүү.

— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Маектешкен "Кабар" КУМАнын башкы директорунун орун басары Халида Эргешева

Пикир

Оставить комментарий