Улан Ниязбеков РФ ИИМинин Башкаруу академиясынын ишмердиги менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.06.24. /Кабар/. Күн мурун ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапарынын алкагында Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынын окуу процесси менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Академияга баруу учурунда Улан Ниязбеков Россиянын Ички иштер министрлигинин Башкаруу академиясынын башчысы, полициянын генерал-лейтенанты Сергей Синенко менен жолугушту.

Жолугушууга КР ИИМ Академиясынын башчысы Тариел Абитов, Уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев жана ИИМдин Россиядагы өкүлү Исмайыл Сагыналиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков менен РФ ИИМинин Башкаруу академиясынын башчысы Сергей Синенко КР ИИМинин адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле эки министрликтин билим берүү окуу жайларынын ортосундагы мындан аркы өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстандан барган делегация РФ ИИМинин Башкаруу академиясындагы окуу процессинин уюштурулушу менен таанышышты.

Мындан тышкары, Улан Ниязбеков РФ ИИМинин Башкаруу академиясында окуп жаткан КР ИИМдин студенттери менен жолугушту. Академиянын жетекчилери КР ИИМден 9 студент окуп жатканын, алардын жетишкендиктери тууралуу кыскача токтолуп, жакшы пикирлерин айтышты жана аларды мыкты жагынан мүнөздөштү. Кесиптик окутуу программаларын өздөштүрүп жаткан кыргызстандыктар жашоо шарттары тууралуу маалымдашты. Иш сапардын жүрүшүндө окуу, турак-жай жана башка маселелер айтылды.

РФ ИИМинин Башкаруу академиясында болгон жолугушуу мындан ары өз ара кызматташунун жаңы форматтарын да аныктады.

Пикир

Оставить комментарий