Улан Примов Индия элчиси Арун Кумар Чаттержи менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттержи менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы ар-тараптуу, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелерин талкуулашып, ошону менен бирге ушул жылдын 18-майында Бишкек шаарында чет өлкөлүк студенттердин катышуусунда болгон окуя боюнча пикир алышты.

Алгач комитет төрагасы Улан Примов Кыргызстан Индия менен, анын ичинде парламенттер - Жогорку Кеңеш жана Лок Сабха ортосунда кызматташууга өзгөчө маани берерин белгилеп: “Жогорку Кеңеште Индия менен парламенттик достук тобу иштеп жаткандыгын канааттануу менен белгилейм. Топтун максаты Индия менен парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат. Биз, Жогорку Кеңеш ушул жылдын июнь айынын башында түзүлө турган Индиянын жаңы парламенти менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирем”, -деди ал.

Ошону менен катар комитет төрагасы үстүбүздөгү жылдын 18-майында чет элдик студенттердин катышуусунда орун алган өтө терс окуянын болгонун өкүнүү менен белгилеп, кырдаал Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.

“Кыргыз Республикасы биздин өлкөдө жүргөн, өлкөнүн билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгү болгон чет элдик студенттерди жогору баалайт жана биз алардын өлкө аймагында ыңгайлуу жана коопсуз болушуна кызыкдарбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара ишенимге негизделген достук мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделет деп ишенем”, -деди Улан Примов.

Өз кезегинде Индия элчиси Арун Кумар Чаттержи жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле элчи Кыргызстан тарабынан коомдук тартипти жана индиялык студенттердин Кыргызстандагы коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чаралар көрүлүп жаткандыгына токтолуп, активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин белгиледи.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-индия мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий