• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды, деп билдирет президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Далиев Уланбек Эшенович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров аркалап келген. Ал күн мурун президент кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий