Уланбек Мамбетакунов USAID`дин өкүлдөрү менен IT билим берүүнү алдыга жылдырууну талкуулады

Билим 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында илимий конференцияда баяндама жасады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр USAID`дин Азия боюнча бюросунун (Bureau for Asia) өкүлдөрү менен болгон жолугушууда англис тилин, IT билим берүүнү алдыга жылдыруу маселесин талкуулаган.

Ошондой эле Уланбек Мамбетакунов Кыргызстандын АКШдагы элчиси менен жолугушуп, Джорджтаун университетине барды.

Пикир

Оставить комментарий