• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улукбек Марипов КР Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Марипов Улукбек Асамидинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Пикир

Оставить комментарий