• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Улукбек Марипов почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов почта кызматкерлерин кесиптик майрамы – Бүткүл дүйнөлүк почта күнү менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоо текстинде мындай деп айталыта:

«Урматтуу почта кызматынын кызматкерлери жана ардагерлери,

Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Почта – байланыштын байыркы түрлөрүнүн бири. Бүгүнкү күндө коммуникация технологияларынын жана ааламдашуунун тез өнүгүшүнүн шартында почта өз маанилүүлүгүн жоготпостон, экономикалык жактан маанилүү, ишенимдүү байланыш жана товар жеткирүү каражаты катары социалдык маанилүү функциясын аткарууну улантууда.

Почта түйүндөрү эң жеткиликтүү байланыш каражаттарынын бири бойдон калууда. Кол менен жазылган каттын баалуулугун эч нерсе алмаштырбайт. Жылдын кайсыл мезгили жана кандай гана аба ырайы болбосун почта кызматкери гезиттерди, пенсия жана жөлөкпулдарды, көптөн күткөн каттарды жана телеграммаларды алып келет. Жалгыз карыялар үчүн почта кызматкери көбүнчө жагымдуу баарлашуу учурларын тартуулайт.

Кесибине берилгендик, тапшырылган иш үчүн жоопкерчилик, профессионалдуулук жана уюштуруучулук ар дайым почта кызматкерлерин айырмалап келген.

Динамикалык өнүгүп жаткан дүйнөнүн заманбап шартында почта акыркы тенденцияларга жана инновацияларга жооп бериши керек. Жумуш процессин модернизациялоо, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана санын жакшыртуу, почта кызматын интернет кызматтары менен интеграциялоо боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Урматтуу достор,

Тандап алган кесибиңиздерге берилгендигиңиздер үчүн рахмат. Сиздерге кыргыз почтасынын өнүгүүсүнүн кызыкчылыгы үчүн бардык иш-аракеттериңиздерде ийгиликтерди каалайм. Ден соолугуңуздар чың болуп, келечекке ишеним арттырып, өзүңүздөр жана жакындарыңыздар бакубатчылыкта өмүр сүрүңүздөр!».

Пикир

Оставить комментарий