• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Улуттук адабият күнүндө Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектакли коюлду

Маданият 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. 12-декабрь - “Улуттук адабият күнүнө” карата А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” спектакли Т. Абдымомунов атындыгы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери тарабынан коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага КР премьер-министринин м.а. Артем Новиков, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков,​ КР Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чарада жарандардын коопсуздугу үчүн бардык​ ​ санитрадык-эпидемиологиялык талаптар так аткарылды.

"Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган спектаклди Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, белгилүү режиссёр Назым Мендебаиров​ сахналаштырган.

Пикир

Оставить комментарий