Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Ошто мыйзам бузган эки акча алмаштыруучу жайга жана үч жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын лицензиясы жок Ош шаарынын аймагында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Ош облустук башкармалыгы тарабынан Кыргызстандын Ж.Д.А., К.Ж.А., С.А.А. аттуу үч жарандын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ош шаарында жайгашкан эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Пикир
Оставить комментарий