• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Улуттук банк акча алмаштыруучу жайга жана бишкектик жаранга айып салды

Экономика 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Улуттук банк акча алмаштыруу жайына жана бишкектик жаранга айып салды.

Финансыдык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы бир алмашуу бюросуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Ж.И.Ж. жаранга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий