• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү таратты

Коом 0

Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Улуттук банк алдамчылардын жаңы схемасы тууралуу эскертүү таратты.

Банктан билдиришкендей, белгисиз адамдар мессенджер аркылуу жарандарга Улуттук банкка тиешелүү делген алдамчылык сайтына шилтеме жиберип, анда Кыргызстандын тургундарына акча каражаттарын кайтаруу кызматтары сунушталууда.

“Улуттук банк мессенджерлер аркылуу жарандарга мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт жана акчаны кайтаруу кызматтарын көрсөтпөй турганын расмий түрдө билдиребиз. Мындан тышкары, Улуттук банк жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт. Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз”,-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эгер сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий