• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруу жайынын лицензиясын кайтарып алды

Экономика 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Улуттук банк Бишкектеги акча алмаштыруу жайынын лицензиясын кайтарып алды.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 150 дареги боюнча жайгашкан "Сити и Ко" алмашуу бюросу ЖЧКнын накталай чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген 2022-жылдын 29-августундагы №6347 лицензиясы 2024-жылдын 6-сентябрынан тартып кайтарылып алынды

Пикир

Оставить комментарий