Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Бишкектеги төлөм уюмдарынын бирине айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР банк мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бергендиги жана Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылуучу жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн Бишкек шаарында жайгашкан бир төлөм уюмуна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Пикир
Оставить комментарий