• 87
  • 90.41
  • 0.84

Улуттук банк дагы интервенция жасап, 1,6 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Улуттук банк сомдун курсун турукташтыруу үчүн валюта рыногунда интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Бүгүн Улуттук банк валюта рыногуна 1 млн 600 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен жетинчи жолу, ал эми жыл башынан бери валюта рыногунда 22-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий