• 87
  • 90.59
  • 0.87

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 5 пайыз деңгээлинде сактап калды

Экономика 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Улуттук банк 25-январда эсептик ченди (негизги ченди) 5 пайыз деңгээлинде калтыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул чечим 2021-жылдын 26-январынан тартып күчүнө кирет, - деп маалымдалат КР УБнын расмий сайтында.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 пандемиясынын жайылышы, товардык-чийки зат рынокторунда дүйнөлүк баалардын волатилдүүлүгү жана дүйнөлүк экономиканын бирдей эмес өнүгүүсү региондогу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө жана анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасына да терс таасирин тийгизүүнү улантууда.

Кыргыз Республикасындагы экономикалык жигердүүлүк төмөн деңгээлде сакталып турат. Өндүрүш көлөмүнүн кыйла төмөндөшү айыл чарбасынан тышкары экономиканын дээрлик бардык секторлорунда катталган. Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу туруктуу өсүш арымына жетүүсү, негизинен, өлкөдөгү эпидемиологиялык жагдайга жана соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын калыбына келүүсүнө жараша болот.

"Дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда айрым товарларга баалар өсүүдө. Кыргыз Республикасына майларды жана кантты сунуштаган өлкөлөрдө аталган товарларга баалар туруктуу негизде өсүүдө. Бул фактор, коңшу өлкөлөрдө жергиликтүү эт продукциясына жогору суроо-талаптын сакталып турушу менен бирге өлкөдө жалпы баа деңгээлинин күндөлүк өсүшүн шарттоодо. Жылдык инфляция көрсөткүчү 2021-жылдын январь айында (15ине карата) 9,9 пайызды түзгөн. 2021-жылдын биринчи чейрегинде алкоголдук жана тамеки продукциясына акциздерди план чегинде жогорулатуу бүтүндөй жыл ичинде инфляция динамикасын жогорулаткан кошумча фактордон болот. Учурдагы экономикалык шарттарда, белгилүү бир жогорулоодон кийин жылдын орто ченинде инфляция бир аз турукташат жана жыл акырында бир маани чегинде калыптанат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий