Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Улуттук банк Башкармалыгы эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 2023-жылдын 29-августунан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.
Анын айтымында, тышкы экономикалык чөйрөдө баа конъюнктурасы глобалдуу инфляциянын бара-бара басаңдоо мүнөзүнө ээ болгон, бул көпчүлүк өлкөлөрдө катуулатылган акча-кредиттик шарттардын азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын акырындап төмөндөшү менен айкалышта шартталган.
"Бирок базалык инфляция көрсөткүчүнүн динамикасы жогору мааниде туруктуу сакталууда. Дүйнө жүзүндө жогору белгисиздиктин сакталып турушунун алкагында жогоруда белгиленген мына ушул бардык факторлор дүйнөлүк инфляциянын акырындап төмөндөшүн шарттоодо
Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөгөндүгү байкалган – 2023-жылдын август айында жылдык мааниде инфляция 9,4 пайызды, өтүп жаткан жылдын башталышынан тартып – 5,3 пайызды түзгөн. Жемиштерге жана жашылчаларга, майларга жана тоң майларга баалардын сезондук арзандашы азык-түлүк инфляция көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө өбөлгө түзүүдө, ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын туруктуу сакталып турушу инфляциялык процесстердин басаңдоосун ооздуктоодо", - деди ал.
Султанкулов кызмат көрсөтүүлөр секторундагы керектөө жигердүүлүгү КР экономикасынын өсүшүнө негизги салымды кошууда. 2023-жылдын январь-июль айларында өлкөнүн реалдуу ИДӨсүнүн өсүшү 2,9 пайызды түзгөнүн белгиледи. Жүргүзүлүп жаткан бюджет-салык саясаты жана банк секторунун керектөө кредиттери көлөмүнүн өсүшү ички суроо-талапты салыштырмалуу жогору деңгээлде сактоо менен мамлекеттик жана жеке керектөөнүн артышына өбөлгө түзүүдө.
"Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар акча жана валюта рынокторунда туруктуу жагдайдын сакталып турушуна шарт түзгөн жана инфляция деңгээлинин төмөндөшүнө багытталган. Банк системасында ресурстук базанын артышы жана сом түрүндө ликвиддүүлүктүн жогору деңгээли сакталып тургандыгы байкалууда, ушундан улам экономикада кредиттөө деңгээлинин өсүшү сакталууда", - деди Улуттук банктын өкүлү.
Бир аз басаңдагандыгына карабастан, кыска жана орто мөөнөттүү келечекке инфляцияга түрткү берген тобокелдиктер сакталып турат. Учурдагы тарифтик саясат курсуна байланыштуу да инфляциялык күтүүлөр туруктуу сакталып турат.
Учурда түптөлүп турган шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 13 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Эсептик чен боюнча кабыл алынган бул чечим ички инфляциялык процесстердин мындан ары да басаңдашына жана инфляция боюнча максаттуу көрсөткүчтөр орто мөөнөттүү келечекте 5-7 пайызга жетишине шарт түзөт.
Улуттук банк түптөлүп жаткан жагдайга туруктуу негизде көз салып турат. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн.
Белгиленгендей, Улуттук банк Башкармалыгы эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки пландык отуруму 2023-жылдын 30-октябрында өткөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий