Улуттук банк эсептик ченди 9 пайызга чейин төмөндөттү

Экономика 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 200 базистик пунктка 9 пайызга чейин төмөндөттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын Байланыш жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим Улуттук банк Башкармасынын күн мурун, 27-майдагы жыйынында кабыл алынды. Чечим бүгүн, 28-майдан тартып күчүнө кирет.

"Кыргызстанда инфляциянын төмөндөшү уланып жатат: 2024-жылдын май айында керектөө бааларынын өсүш арымы жылдык мааниде 4,4 пайызды түзгөн (2023-жылдын декабрь айында – 7,3 пайыз). Баалардын төмөндөө динамикасы Улуттук банк тарабынан 2022-жылдан тартып жүргүзүлүп келе жаткан инфляциянын өсүшүн чектөөгө жана экономикалык субъекттердин инфляциялык күтүүлөрүн акырындык менен төмөндөтүүгө багытталган акча-кредит саясатынын жыйынтыгы болуп саналат. Инфляциянын түзүмүндө азык-түлүк товарларына баалардын өсүш арымы туруктуу төмөндөшү уланып жатат, ага дүйнөлүк азык-түлүк рынокторундагы баалардын акырындык менен төмөндөшү дагы өбөлгө түзүүдө", - деди ал.

Султанкулов маалымдагандай, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн ишенимдүү өсүшү уланууда: 2024-жылдын январь-апрель айларында реалдуу ИДӨнүн өсүш арымы 7,4 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө негизги салым курулуш жана кызмат көрсөтүү сектору менен камсыз кылынган: негизги капиталга инвестициялык активдүүлүктү олуттуу кеңейтүү курулуш секторунун өсүшүнө шарт түзгөн; кызмат көрсөтүү секторунда өсүш мурдагыдай эле чекене жана дүң соода кылуу жагында катталган. Калктын реалдуу кирешесинин көбөйүшүнүн жана жеке адамдардын өлкөгө акча которууларынын таза агылып кирүүсүнүн эсебинен ички керектөөнүн кеңейиши уланууда.

"Банктар аралык акча рыногунда жагдай туруктуу абалда сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү пайыздык чендери Улуттук банктын негизги ченинин өзгөрүшү менен кошо төмөндөп жатат. Банк системасында улуттук валютадагы үстөк ликвиддүүлүк жогорку деңгээлде сакталып турат, бул экономиканын реалдуу секторун кредиттөөнү андан ары кеңейтүүгө өбөлгө түзүүдө. Ички валюта рыногунда алмашуу курсунун ийкемдүүлүгү сакталып турат", - деген ал Улуттук банк алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында өзгөрүлмө алмашуу курсу режиминин алкагында валюталык тооруктарга катышып жатканын белгиледи.

Улуттук банктын өкүлүнүн айтымында, тышкы экономикалык чөйрөдө КР экономикасына таасирин тийгизген негизги факторлордун динамикасы бирдей эмес, бирок жалпы алганда алардын таасири бир калыпта кармалып турат. Алдыңкы өлкөлөрдүн акча-кредит саясатынын катуулатылган шарттары глобалдуу инфляциянын басаңдашына шарт түзүүдө. Дүйнөлүк азык-түлүк рыноктору туруктуу абалга келип, негизги азык-түлүк товарларына баалар төмөндөп жатат. Ошол эле учурда, дүйнөнүн айрым региондорунда геосаясий курч абалга байланыштуу мунай жана алтын рыногундагы абал бир калыпта болбой жатат.

Султанкулов Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчүнүн туруктуу басаңдашы өтүп жаткан жылдын акырына карата анын маанисинин күтүлүп жаткан орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүч 5-7 пайыз чегинде түптөлүшү менен бирге акча-кредит саясатын жеңилдетүү мейкиндигин түзөрүн белгилейт. Мындай шартта Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды.

"Улуттук банктын акча-кредит саясаты өлкөдө баа туруктуулугун сактап турууга жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган. Ушуга байланыштуу Улуттук банк инфляция боюнча түптөлгөн тышкы жана ички факторлорго баа берүүсүн улантат жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган бардык тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатынын жүргүзүлүшүнө кылдат мамиле жасайт", - деди ал.

Султанкулов Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын кошумчалады.

Белгиленгендей, Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча кийинки пландалган отуруму 2024-жылдын 29-июлунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий