Улуттук банк интервенция жасап, 17,1 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Улуттук банк валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Кечээ, 15-октябрь күнү Улуттук банк валюта рыногуна 17 млн 100 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Муну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна он төртүнчү ирет интервенция менен чыгып жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда доллардын куну өсүп, 1 доллар 81 сомдон ашып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий