Улуттук банк ири интервенция жасады

Экономика 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. 7-июнда Кыргызстандын Улуттук банкы 40 млн 700 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат.

Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 9-ирет чет элдик валютаны сатып алып, тескери интервенция жүргүзүүдө.

Кыргызстанда учурда расмий курс боюнча 1 доллар 87,23 сомду, евро 94,99 сомду түзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 4-июнда 16 млн 900 миң, доллар, 21-майда — 31,5 млн доллар, 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде — 19,2 млн доллар, 8-апрелде - 17,1 млн доллар жана 29-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий