Улуттук банк комбанктардан кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди төмөндөтүүнү суранды

Экономика 0

Бишкек, 12.06.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуровдун жетекчилиги астында төлөм системасы боюнча банктар аралык кеңештин кезектеги отуруму өттү.

Улуттук банкттан маалымдашкандай, отурумга "УКУК" мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык банктардын жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКтын өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө төлөм системасына байланыштуу маселелер талкууланды, анын ичинде:

  • мамлекеттик төлөмдөрдү кабыл алуу (салык төлөмдөрүн, айып пулдарды жана башка төлөө);
  • банктык кызматтарды көрсөтүүнүн катышуучуларынын тарифтик саясаты;
  • төлөм QR-коддорду жайылтуу.

Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө банктык жабдууларды жана мобилдик тиркемелерди майыптыгы бар адамдарга ыӊгайлаштыруу боюнча маселелер талкууланды.

Жыйындын соңунда коммерциялык банктарга аталган багыттарда активдүү иш алып баруу, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий