• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Улуттук банк кредиттик союзга жана бир жаранга айып салды

Экономика 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Улуттук банк насыя биримдигине жана бир жаранга айып салды. Бул тууралуу банкттан билдиришти.

Анын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Чүй облусунда жайгашкан бир кредиттик союзга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Улуттук банктан лицензия алуусуз Бишкек шаарында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын жаранына Э.М.Э. 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий