• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Улуттук банк «Кыргыз каганатынын доору» коллекциялык тыйындарын жүгүртүүгө чыгарды

Экономика 0


Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Улуттук банк 5-ноябрдан тарта «Кыргыз каганатынын доору» аталышындагы жаңы коллекциялык тыйындарды жүгүртүүгө чыгарууда. Жаңы чыгарылган тыйындар тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мээрим Момункулова айтып берди.

Ал билдиргендей, Улуттук банк «Кыргыз каганатынын доору» сериясынан «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы», «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» күмүш коллекциялык монеталарын, ошондой эле «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык жез-никель монетасын жүгүртүүгө чыгарууда.

«Кыргыз каганатынын доору» сериясынын «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» жана «Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» коллекциялык монеталар кыргыз элинин маданий баалуулуктарын жана рухий дөөлөттөрүн даңазалоо жана жайылтуу максатында чыгарылган.

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кумурасы» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин улуттук оймолор менен кооздолгон үч кыргыз кумурасы түзөт. Жогорку бөлүгүндө «Кыргыз кумурасы / Kyrgyz vase» жазуусу орун алган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы көрсөтүлгөн (28,28g). Монетанын номиналы (10 сом) төмөн жагында берилген», - деди ал.

Монетанын арткы бетине улуттук кыргыз оймолору менен кооздолгон кумуралардын сүрөтү түшүрүлүп, борборунда Кыргыз Республикасынын герби орун алган. Монетанын жогорку бөлүгүндө «Улуу кыргыз каганаты» жазуусу жазылган. Ал эми төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

«Тиричилик буюмдары: Кыргыз кийими, зер буюмдары» монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түстүү ыкмада оюу түшүрүлгөн сөйкө желбирөөчтү тагынган кыздын образы түзөт. Монетанын сол тарабында орун алган «Улуу кыргыз каганаты» орхон-енисей рун тамгалары менен жазылган. Оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°), монетанын аталышы «Сырга/Earring», салмагы (28,28g) жана номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн.

Асыл таштар чөгөрүлүп, шуру менен тизмектелип берилген сырганын сүрөттөлүшү монетанын арткы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган, ал эми оң жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.

Жез-никель монета акрил капсуласына жайгаштырылган жана чөнөктүү таңылчактарга салынган.

Момункулова белгилегендей, күмүш тыйындар 2 миң даана, жез-никель тыйын 5 миң даана болуп чыгарылган.

Күмүш тыйындын баасы 2650 сом, ал эми жез-никель монетасы 380 сом турат.

Пикир

Оставить комментарий