Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Улуттук банк акча Бишкекте 2 алмаштыруу бюросунун лицензиясын убактылуу токтотту.
Улуттук банкттан билдиришкендей, КР мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү акча алмаштыруучу бюролорунун лицензияларынин ишин токтотулду:
- Бишкек шаары, Менделеев көчөсү, 9 б дареги боюнча жайгашкан "Ийгилик Али" ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 6411 лицензиясы;
- Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 119-үй, 23-квартира дареги боюнча жайгашкан "Силквей" ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 19-июлундагы № 6327 лицензиясы.
Пикир
Оставить комментарий