• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык кылгандар көбөйгөнүн эскертти

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Улуттук банк телефон аркылуу алдамчылык кылгандар көбөйгөнүн эскертти. Алар жарандардын ишенимине кирип, ар кандай ыкмаларды колдонушууда. Шылуундар эсептерден акчаларды уурдап же андан ары онлайн кредит алууну көздөп жатышат.

Бул кантип ишке ашырылат?

Биринчи кезекте өзүн коммерциялык банктын кызматкери катары тааныштырган адам жаранга телефон чалып, жеке маалыматын сурап, онлайн кредит алуу үчүн кайрылган үчүнчү жактар жөнүндө кабарлайт. Андан кийин Улуттук банктын (же башка мамлекеттик органдын) кызматкери болуп таанышкан адам кошулат да, акчаны сактап калуу зарылдыгын шылтоолоп, жабырлануучуну акчасын коопсуз, корголгон эсепке которууга чакырат. Ошол эле учурда алдамчылардын телефон номерлери жасалма болушу мүмкүн. Ынандыруу үчүн, алар логотип белгиси менен Улуттук банктын жетекчилигинин колу коюлган жасалма күбөлүк же башка документти жөнөтүшү ыктымал. Шылуундардын курмандыгы болгон жаран алдамчылардын көрсөтмөсү боюнча онлайн кредитти тариздөө же акча которуу операцияларын өз колу менен аткарат.

Өзүңүздү кантип коргой аласыз?

  • Эгерде сизге өзүн банктын, Улуттук банктын же башка мамлекеттик органдардын кызматкери катары тааныштырган адам телефон чалып, жеке маалыматтарыңыздын сыртка чыгып кетиши же сизге онлайн кредит уруксатсыз таризделгендиги тууралуу билдирсе, сүйлөшүүнү токтотуңуз.
  • Эгерде сиз андан ары сүйлөшүүнү туура көрсөңүз, сүйлөшүү учурунда экранды көрсөтпөңүз, жеке (жашыруун) маалыматыңызды (ИСН, коддор, ПИН коддор ж.б.) бербеңиз, өзүңүз жөнүндө эч кандай маалыматты ырастабаңыз. Ошондой эле мессенджерлердеги белгисиз номерлерден келген видео чалууларга жооп бербей, бейтааныш адамдардын сунушталган, текшерилбеген интернет-шилтемелерге кирбегениңиз оң;
  • Эгерде мындай чалуу шектенүүнү жаратса, банктардын веб-сайтында, мобилдик тиркемелерде көрсөтүлгөн расмий номерлерге чалышыңыз зарыл же банктын жакынкы офисине кайрылышыңыз керек;
  • Банктар жана Улуттук банк эч качан онлайн кредиттерди уруксатсыз тариздөөгө же жеке маалыматтардын сыртка чыгып кетишине байланыштуу чалбай тургандыгы жана мессенджерлер аркылуу кызматкерлердин күбөлүгүн же дагы башка документин жөнөтпөй тургандыгы эсиңизде болсун;
  • Эгерде сиз шылуундардын курмандыгы болуп калсаңыз, эмне кылуу керек?
  • Эгерде өзүңүздү алдамчылыктын курмандыгы болуп калдым деп ойлосоңуз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, банктык картаны же эсепти бөгөттөп коюну суранышыңыз зарыл жана тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз керек.

Пикир

Оставить комментарий