• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Улуттук банк валюта базарына интервенция жасады. Бул ирет 5,2 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жасады.

Банктын расмий сайтында маалымдалгандай, 1-декабрда бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 500 миң доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 4 млн 750 миң доллар сатылган.

Эске сала кетсек, Улуттук банк үч жума катары менен сомдун курсун кармап туруу максатында интервенция жасоодо. Ноябрь айында жалпысынан 84,7 млн доллар саткан.

Пикир

Оставить комментарий