Бишкек, 23.04.24./Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы күн мурун 25 млн 850 миң доллар сатып алды. Бул тууралуу финансылык жөнгө салуу органынын сайтында маалымдалат.
Белгиленгендей, 16,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жана 9 млн 350 миң доллары бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүүлөр менен сатып алынды.
Бул жыл башынан бери төртүнчү тескери интервенция.
Доллардын курсу 89 жана 88,85 сомду түздү.
Пикир
Оставить комментарий