• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Улуттук банк валюта рыногуна 54,5 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 8-октябрда интервенция жасап, валюта рыногуна 54 млн 500 миң доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, бул сумманын 20 млн доллары бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүү менен, ал эми 34,5 млн доллары бүтүм түзүлгөн датадан башка күнгө эсептешүү менен сатылган.

Азыркы учурда доллардын расмий курсу 85,20 сомду түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий