Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.
Белгилей кетсек, Улуттук банк буга чейин 26-ноябрда валюта базарына 44 млн 650 миң доллар саттыкка чыгарган. Ошентип өлкөнүн башкы банкы жыл башынан бери 14 жолу интервенция жасап, жалпы 633 миллион доллар сатты.
Пикир
Оставить комментарий