• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Улуттук банк валюта рыногуна дээрлик 70 млн доллар сатты

Экономика 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 14-ноябрда валюта рыногуна 68,65 млн доллар сатты.

Финансылык жөнгө салуучу органдын маалыматына ылайык, анын ичинен 39,7 млн доллары бүтүм түзүлгөн күнү эсептешүү менен, ал эми 28,95 млн доллары бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүү менен сатылган.

Бул бир айдагы экинчи интервенция болду, буга чейин Улуттук банк 5-ноябрда валюта рыногуна 62,4 млн доллар саткан.

Жалпысынан быйыл Улуттук банк 22 жолу валюталык интервенция жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий